Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 11-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Таласта +20…+25, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +24…+29 градуска жетет. Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Ош шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, абанын температурасы +27…+29 градуска чамалап барат. Бишкекте нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөп, +23…+25 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0