Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовДождь в Бишкеке
Дождь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-июнь, дүйшөмбүдө, көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап күн күркүрөсө, Бишкекте күндүн табы +23 градуска жетери  айтылды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 10-12-июнда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүүсү күтүлөт.  Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы
10-11-июнда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, 10-12-июнда Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго мөндүр түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19... +24, Таласта +17... +22, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +15... +20 градус  болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жамгыр төгүп,  күндүн табы +21... +23 градуска жетери болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0