Жаан карга айланат! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖамгын учурунда көчөдө бараткан аял. Архив
Жамгын учурунда көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 8-июндан 12-июнга чейин аба ырайы кескин өзгөрөрүн Кыргызгидромет кабарлады.

Билдирмеге караганда, 8- 9-10-июнда Чүй облусунун тоолуу райондорунда, 8-июнда жана 10-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана 10-июндан 12-июнга чейин Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жара в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
Тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Ал эми ӨКМдин маалыматы боюнча, мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Автоунаалардын жүрүшүнө, байланыш, энергетика жана коммуналдык чарбанын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

8-12-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0