Матраимовдор кланы миллиондорду сыртка алып чыгуудабы? Финполдун жообу

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File PhotoКурс доллара США
Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда бир эле адам Кыргызстандан беш миллион долларга чейинки каражатты Түркияга чыгарып кетип жатканы айтылууда.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Facebook тармагындагы БеспределKG баракчасына Матраимовдор кланы чет өлкөгө миллиондогон долларларды сыртка чыгарып кетип жатканы боюнча маалымат тарады.

Ага ылайык, "Манас" аэропортунда акыркы жума ичинде бир эле адам Түркияга эки миллиондон беш миллион долларга чейинки накталай акчаны бир рейс менен Түркияга алып кетип жатат. Ал адамдар Түркияда бир нече күн болуп, акчанын жаңы партиясы үчүн кайра келип жатышканы айтылды.

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Искендер Матраимовдун ишкер жубайы Минавар Жумаева тууралуу 5 факты
Таратылып жаткан маалыматта кыргызстандык жарандын бажы декларациясынын сүрөтү көрсөтүлгөн. Анда ал кишинин Түркияга беш миллион доллар менен баратканы маалымдалган. Мындан сырткары, Хамрахан Матраимова деген аялдын жалпы жарандык паспортунун сүрөтү дагы жарыяланды. Тексттин авторунун айтымында, ал дагы ири суммадагы каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүүдө.

Ошондой эле публикацияда кыргызстандык Яхье Машраповдун паспортунун копиясы тиркелген. 2017-жылдын 1-январында түрк ЖМКлар аны теракт уюштурууга айыптап жазган. Аталган датада Стамбулдагы түнкү клубдардын биринде болгон теракттан 39 киши каза тапса, 69 киши жаракат алган.

Маалыматта УКМК бул тууралуу кабардар болсо дагы тийиштүү буйруктун негизинде бул ишке киришпей жатканы айтылууда.

Ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан маалымат текшерилип жатканын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0