Шаршембиге карата аба ырайы

© REUTERS / Issei KatoКол чатыр көтөргөн аялдар. Архив
Кол чатыр көтөргөн аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 5-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +24…+29, Таласта +22…+27 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +25…+30 градуска көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө жана Нарын жергесинде абанын температурасы +19…+24 градуска жетет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы +27…+29 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0