Статком: өлкөдөгү үй-интернаттарында 2,5 миңге чукул адам жашайт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМүмкүнчүлүгү чектелген бала. Архив
Мүмкүнчүлүгү чектелген бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар негизинен балдар жана карылар.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы 16 үй-интернатта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 2 386 адам жашайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин апрель айында чыккан кыскача маалымдамасында айтылат.

16нын ичинен 11 интернат карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн иштейт. Ал эми 5и майып балдарга арналган.

Кыргызстандын картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туугандарга канча акча бересиз? Статком эсептеп чыкты
Аталган жайларда жашап жаткандарды балдар жана чоңдорго бөлө келгенде басымдуу бөлүгү улуулар экендигин көрүүгө болот. Тагыраагы, алардын саны — 1952.

Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 434 бала аталган жайларда баш калкалайт. Статистикалык маалыматтарды салыштыра келгенде мындай жайдагы кичинекейлердин көрсөткүчү бир аз болсо да азайган.

Июнь айынын башында Кыргызстанда 784 бөбөк жаңы ата-энелүү болгонун баяндап берген статистика чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0