Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статком үч жылдын көрсөткүчүн салыштырган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстандын шаарларында мурунку эки жылга караганда азыраак турак жай эксплуатацияга берилген. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Кыргызстандын шаарларында жыл сайын пайдаланууга берилген турак жай
Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларында жыл сайын пайдаланууга берилген турак жай

Мекеме акыркы үч жылдын көрсөткүчүн салыштырган. Турак жай эң аз курулган маал 2018-жылга туура келип, 371 миң чарчы метрди түзгөн. Бул 2016-жылы салынган там-таштын жарымы гана. Ал эми 2017-жылы 2,5 эсеге көп курулганы аныкталган.

Муну менен бирге шаар калкынын турак жай менен камсыздалышы тууралуу да маалымат берилди.

Кыргызстандын шаарларында элдин турак жай менен орточо камсыздалышы
Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларында элдин турак жай менен орточо камсыздалышы

2016-жылы репспубликада бир кишиге 14,3 чарчы метр, 2017-жылы — 14,2, ал эми 2018-жылы 14,1 чарчы метр туура келгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0