Күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековВереница микроавтобусов по улице Киевской в Бишкеке
Вереница микроавтобусов по улице Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 2-3-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

4-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Жара в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
5-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

6-7-июнда туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0