Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровИсторический музей в Бишкеке
Исторический музей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 31-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас облустарында +29…+34 градус болору айтылды.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде абанын температурасы +31…+36 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +22…+27 жана Нарын аймагында +23…+28 градус ысык болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +33...+35, Бишкекте +32...+34 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0