ЮНИСЕФ: 15-19 жаш курактагы ар бир 11-кыз никеге турган

Жазылуу
Балдарга жасалган зомбулук боюнча сурамжылоону жүргүзүүгө 7200гө чукул түтүн катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандагы 15-19 жаш курактагы ар бир 11-өспүрүм кыздын никеге тургандыгы ЮНИСЕФтин көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөсүндө айтылган.

БУУнун Балдар фондусунун бул иликтөөсүндө кенже жаштагы балдардын эрте өнүгүүсү, балдардын зомбулукка кабылышы, бала чактагы нике деген темадагы маалыматтар камтылган.

Аталган уюмдан өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруу боюнча көрсөткүчү мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайгандыгын айтышты.

Жогорудагы маалыматтар камтылган кластердик изилдөө Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жана ЮНИСЕФ менен биргеликте жасалган.

Кыргызстандагы эң кылмыштуу жерлер - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң криминалдуу жерлер. 2018-жылдын рейтинги
Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө (КККИ) системасында үй чарбаларын сурамжылоо менен балдардын, аялдардын ар тараптуу абалын эл аралык деңгээлге жетер-жетпесин билүү үчүн маалыматтар чогултулат.

Маалыматта аталган темалардагы сурамжылоону жүргүзүүгө 7200гө чукул түтүн катышканы айтылат.

Отчёттогу маалыматтарга көз салсак, 15-19 жаш курагында турмушка чыккан өспүрүмдөрдүн 2,7 пайызынын түгөйү өзүнөн 10 жана андан көп жаш улуу болгону аныкталган.

Андан сырткары, 20-24 жаш курактагы аялдардын 13 пайызга жакыны биринчи жолу 18 жашка чейинки куракта расмий же жарандык никеге турушкандыгы маалымдалган.

ЮНИСЕФтен бул сандар менен маалыматтар тереңирээк изилденип, каралып, кийинчерээк толук маалымат берилерин айтышты.

Докладда жүргүзүлгөн сурамжылоонун методологиясы, көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө стандарттуу таблицалар аркылуу көрсөтүлгөн.

КККИ сурамжылоолорунда өлкөнүн саясатында, программаларда жана өнүктүрүүнүн улуттук пландарында пайдалануу үчүн негизги көрсөткүчтөр чен-өлчөмгө алынат. Андан сырткары, бул маалыматтар Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүдө прогресске жана эл аралык деңгээлде макулдашылган башка милдеттенмелерге байкоо жүргүзүүдө пайдаланылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0