Кыргызстанда дары-дармектин электрондук базасы түзүлөт. Артыкчылыгы эмнеде?

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүАптека сети "Волгофарм" в Волгограде
Аптека сети Волгофарм в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базаны каалаган киши пайдалана алат. Саламаттык сактоо министрлиги мындай саамалык эмне үчүн зарыл экенин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстанда "Дары-дармектин жана медициналык буюм-тайымдын электрондук базасы" долбоору ишке ашуу алдында турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга дары-дармек кантип кирет? Адистин түшүндүрмөсү
Маалыматта аталган база сапаттуу, коопсуз дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана фармацевтика рыногун көзөмөлдөөнү жакшыртуу үчүн түптөлүп жатканы айтылат. Базаны кыргызстандыктардын баары, фрамацевтика рыногу менен иштеген уюмдар, медицина мекемелери жана башка кызыкдар болгондор колдоно алат.

Министрликтин түшүндүрмөсү боюнча база төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет:

  • Кыргызстанда дары-дармектин жүгүртүлүшүн жакшыртуу жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
  • Саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин түзүүдө көзөмөлдү жакшыртуу;
  • Жасалма дары-дармектин сатылуу жана жайылтылышын аныктоо.

Министрлик Кыргызстанда саламаттык сактоо системасын этап-этабы менен санариптештирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0