17:36 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдар кандай иштеп жаткандыгын сот-укуктук реформанын алкагында иш-чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү талкуулады.

Жаңы кабыл алынып иштеп жаткан кодекстердин абалы кандай? Талкуу

© Пресс-служба президента КР
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
116 0 0

Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдар кандай иштеп жаткандыгын сот-укуктук реформанын алкагында иш-чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү талкуулады. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да катышкан.

Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушууда жаңы жазык мыйзамынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери каралды.

"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри менен Эреже бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилиши боюнча мониторингдин жыйынтыктары тууралуу сөз болду. Сот-укуктук реформаны аткарууга тартылган жергиликтүү органдардын иш аракеттери да талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет.

Тема боюнча

Cот реформасына бөлүнгөн 14 млн. евро грант "жоголду". Иликтөө башталды
Жаңы кодекс менен канча киши жазадан бошоду? Соттордун иши кайнап жатат
Белгилер:
реформа, сот, Жеңиш Разаков, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ