Дагы жумалап жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума аягында абанын температурасы төмөндөйт.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондору менен Ысык-Көлдүн чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жара в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
27-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-30-майларда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат.

31-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 1-июнда тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0