00:58 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Бишкектин көчөсү. Архивдик сүрөт

Жарым жылдан кийин... Бишкекте түкүргөндөр эми айып пулга жыгылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)
361 0 0

Жаңы кодекстин кабыл алынгандыгына жарым жылга жакын убакыт өткөнү менен шаардык бийлик мыйзам бузгандарды айыпка жыгууга эми гана мүмкүнчүлүк алды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Борбор калаада эреже бузгандарды карай турган райондук төрт комиссия түзүлдү. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын курамына райондук администрация жетекчилери, турак жай коммуналдык чарбалардын бөлүм башчылары, шаардык кеңештин депутаттары кирди. Алардан сырткары санитардык-экологиялык инспекция өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктын башчылары жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бар.

Ошентип, шаар бийлиги Эреже бузуулар кодексинин беренелери менен тартип бузууларга айып салууга мүмкүнчүлүк алды. Ал эми мыйзам ушул жылдын башында күчүнө кирген, бирок айып салууда маселе жаралган. Комиссиянын иши регламенттешпей, ал тургай протокол түзө турган кагаздар-бланктар жок болгон.

Эреже бузуулар боюнча ишти караган комиссиянын жыйыны Октябрь районунда өтүп, анда Эреже бузуулар кодексинин 3-беренеси боюнча протокол каралды. Жыйынтыгында 49 миң сомдук айып пул салынган.

2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Административдик жоопкерчилик боюнча кодексти алмаштырган Эреже бузуулар туурасындагы кодекс ишке кирген. Өзүн-өзү башкаруу боюнча жергиликтүү башкаруу органынын көзөмөлүнө 27 берене киргизилген.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары "Эреже бузууларды караган комиссиянын жобосун бекитүү" боюнча документти февралда кабыл алган.

Анда комиссия арызды КРдин Эреже бузуулар боюнча кодексинин 29-беренесинин негизинде караары айтылган. Алар таштандыларды ыргытуу, тазалыкты сактоо жана башка учурлар, анын ичине түкүрүк үчүн да жазалоо кирген.

Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)

Тема боюнча

"Коопсуз шаардын" айып пулу төмөндөтүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн тапшырмасы
Белгилер:
комиссия, этика кодекси, тартип бузуулар, эреже, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ