Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. 23-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Природа Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу аймактарга кар жаайт. Бир аптага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетери болжолдонууда.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18…+23 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүн табы +16…+21 градуска жетсе, Ош, Баткен жана Жалал-Абадда абанын температурасы +23…+28 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарлары боюнча күн ачык болуп, Ош калаасында күндүн табы +25…+27 градуска жетсе, Бишкекте +22…+24 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0