Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстандын аймагында 22-23-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 22-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облусунда +19…+24 градус жылуу болот. Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +23…+28 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл жана Нарын облусунда +19…+24 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы Ошто +26…+28, Бишкекте +21…+23 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0