Эми битир-садаганы терминал аркылуу төлөөгө жол ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПлатежные системы в Кыргызстане
Платежные системы в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Битир-садага берем дегендер акчаны муфтияттын эсебине которо алышат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Эми битир-садаганы жана зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Мындай төлөө ыкмасын КМБД РСК банкы менен биргеликте иштеп чыккан.

"Эми жарандарыбыз битир-садаганы, зекетти муфтияттын РСК банкындагы эсебине которсо болот", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл битир-садаганын өлчөмү бир кишиге 35 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0