Жекшембиге карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOГроза в Кыргызстане
Гроза в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 19-майда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жара в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас өрөөнүндө +19…+24 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда +22…+27, Ысык-Көл жергесинде +20…+25 жана Нарын аймагында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Күндүн табы Ошто +24...+26, Бишкекте +22…+24 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0