Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-майда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +21…+26 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын жергесинде +19…+24 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Күндүн табы Ошто +27…+29, Бишкекте +23…+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0