Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу

Жазылуу
Айрым аймактарда күндүз 30 градустан өйдө болот.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги июнь айында Кыргызстандагы аба ырайына божомолун таратты. Ага ылайык, жайдын алгачкы айында өлкөнүн жети облусунда тең аба ырайы нормада сакталат.

Чүй облусунда

Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Иманалиев: жайкы эс алуу мезгилинин расмий ачылышы 18-майда өтөт
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 21…23 градусту түзөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15 градустан 17…22 градуска чейин, күндүз 22…27 градустан 30…35 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 31-42 мм, тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм).

Талас облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 19…21 градус болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градустан 14…19 градуска чейин, күндүз 22…27 градустан 29…34 градуска чейин өзгөрүп турат.

Ош, Жалал-абад жана Баткен облустарында

Абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градустан 18…23 градуска чейин, күндүз 24…29 градустан 31…36 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.

Тоо этектеринде 8…13, күндүз 20…25 градустан 27…32 градуска чейин болот.

Ысык-Көл облусунда

Абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Түнкүсүн 7…12 градус жылуу болуп, күндүз 16…21 градустан 22…27 градус жылуулукка чейин өзгөрүп турушу мүмкүн.

Нарын облусунда

Облус аймагында абанын температурасы климаттык нормага жакын болуп, 14…16 градус жылуу болот. Ал эми ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11 градус, күндүз 22…27 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0