Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 16-майда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +27…+32 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын аймагында +15…+20 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ошто +29…+31, Бишкек шаарында +27…+29 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0