Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровДорога Исфана — Баткен
Дорога Исфана — Баткен  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. 15-майда өлкө аймагы боюнча түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +24…+29 градус ысык болот.

Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Мындан ары күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Ысык-Көлдө күндүн табы +19…+24 градуска көтөрүлсө, Нарында +16…+21 градуска жетет.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +27…+32 градусту түзөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Ош шаарында +28…+30 градуска жетсе, Бишкекте күндүн табы +26…+28 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0