Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Республика боюнча күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 13-май. — Sputnik. 14-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Мындан ары күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Таласта +23…+28, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +26…+31 градуска жетет. Ысык-Көлдө +16…+21 градус жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +28…+30, Бишкекте +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0