Мындан ары күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПалящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары
Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Келе жаткан аптада Кыргызстандын көпчүлүк аймактарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал. Мындай божомолду Кыргызгидрометтен билдиришти.

12-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Сильный дождь в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Нөшөрлөп жаан жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13-майда ушундай эле аба ырайы сакталат. Болгону жаан Ысык-Көл өрөөнүндө гана жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

14-майда күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

15-16-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунан башка аймактарда жаан жаайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

17-18-май күндөрү дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0