16:53 19 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Нөшөрлөгөн жаан. Архивдик сүрөт

Нөшөрлөп жаан жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© AFP 2019 / CHRISTOPHE SIMON
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
1199 0 0

Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда 12-13-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрө турганын Кыргызгидромет билдирди.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас менен Баткендин тоолуу райондорунда добул болуп, жамгыр жаайт, бийик тоолуу жерде нөшөрлөп куя турганы айтылды.

Өзгөчө, 12-май күнү Чүй, Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында катуу жамгыр күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Ал эми ӨКМдин маалыматы боюнча, мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Автоунаалардын жүрүшүнө, байланыш, энергетика жана коммуналдык чарбанын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Нөшөрдөн улам Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экендиги айтылды.

Тема боюнча

Жаан-чачын токтоп, күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Белгилер:
жаан, аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ