Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
11-майда тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. 11-майда күндүз республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.

Өрөөндөрдү ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +25... +30, Ысык-Көлдө +17... +22, Нарын жергесинде +17...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +27... +32 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +30...+32, Бишкекте +27....+29 градуска көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0