Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАла-Тоо аянты. Архив
Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембиде республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. 8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облусунда +23…+28 градус жылуу болот. Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +26…+31 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын облусунда +15…+20 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ошто +28…+30, Бишкекте +25…+27 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0