Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
5-майда түнкүсүн айрым райондордо үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. 5-май, жекшембиде Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Миллион человек эвакуированы — видео бушующего в Индии циклона Фани - Sputnik Кыргызстан
Албууттанган "Фани" циклону Индияга жетти. Видео
Маалыматка ылайык, 5-6-майларда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Жекшемби күнү Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши болжолдонууда.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +16... +21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +21... +26, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө жана Нарында +8... +13 градус жылуу болот.

Ош шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +23... +25 градуска жетсе, Бишкекте түнкүсүн кыска убакытка жамгыр жаап, күндүз күндүн табы +18...+20 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0