Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишемби күнү Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 4-майда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Сейилдеп жүргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүчкүртүп-бышкыртып кыйнаган аллергия башталдыбы? Дарыгерден 8 кеңеш
Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Таласта +13…+18 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көлдө +11…+16, Нарын жергесинде +10…+15 градус жылуу болот.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +19…+21 градусту көрсөтөт. Ал эми Бишкекте күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. Күндүн табы +17…+19 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0