Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүПродажа мандаринов на границе России и Абхазии в Краснодарском крае
Продажа мандаринов на границе России и Абхазии в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында жумада аба ырайы өзгөрүп турат.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактары 3-майда жамгырлуу болуп, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас облусунда +12…+17 градус болору айтылды.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +14…+19 градусту көрсөтөт.

Ысык-Көлдө +13…+18, Нарын аймагында +12…+17 градус болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +17...+19, Бишкек калаасында +13...+15 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0