Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПогода в Тонском районе
Погода в Тонском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-майда күндүз өлкө аймагында жамгыр жаашы күтүлбөйт.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 1-май, шаршембиде, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сейилдеп жүргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүчкүртүп-бышкыртып кыйнаган аллергия башталдыбы? Дарыгерден 8 кеңеш
Маалыматка ылайык, күндүз жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Баткен өрөөндөрүндө +18... +23, Ош, Жалал-Абад облустарында +19... +24, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +13 ... +18 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы +21... +23 градуска чейин көтөрүлүшү болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0