Майдын алгачкы күнүндө жамгыр жаайт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 30-апрелде жана 2-3-май күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0