Жаан карга айланат! Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 24-апр.— Sputnik. Бейшембиде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектерине жааган жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Площадь Ала-Тоо во время дождя  - Sputnik Кыргызстан
Келерки апта да жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Таласта +9…+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +11…+16 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +5…+10 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы +13…+15 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0