Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / PHILIPPE HUGUENКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 15-апр.— Sputnik. 16-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалым болгондой, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусунда абанын температурасы +13…+18 градус жылуу болот.

Нарын өрөөнүндө күндүн табы +15…+20 градуска көтөрүлөт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда абанын температурасы +15…+20 градуска чейин жетет.

Бишкек жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Ош шаарында +18...+20, Бишкекте +16...+18 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0