Кыргызстанда жакшы жана начар иштеген маморгандар аталды. График

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Государственной таможенной службы
Деятельность Государственной таможенной службы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтер менен ведомстволорго +100дөн баштап –100гө чейин упай берилди.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө берилген баа индексин жарыялады.

Аларга жарандар баа беришкен. Инфографикага жергиликтүү башкаруу органдары кошулган жок.

Белгилей кетсек, маморгандарга +100дөн баштап –100гө чейин балл коюлду. Коррупция индексинен айырмаланып, бир дагы ведомстово "артка" кеткен жок. Ошол эле учурда бири дагы 50 баллдан жогору упай ала албады.

Сурамжыланган жарандардын пикирине таянсак, баарынан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жакшы иштейт экен. Андан соң Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, ӨКМ, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери мамлекеттик агенттиги турат.

Ал эми төмөнкү бааны кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтарына берди. Ушул эле тизмеде эки инспекция (ветеринардык жана экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча) жана Экономика министрлиги бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0