Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунда кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20…+25, Таласта +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Ошто абанын температурасы +24…+26 градуска жетсе, Бишкекте +23…+25 градуска көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0