Жамгыр жаап күн күркүрөйт. Бир жумага карата аба ырайы

© AFP / SPENCER PLATTКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума аягында күн сууктайт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 14-апрелде жана 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

15-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

 Ошто Сулайман-Тоонун этегинде миңдеген кызгалдактар гүлүн ачты - Sputnik Кыргызстан
Сулайман-Тоонун этегинде кызгалдактар гүлдөдү. Ажайып сүрөттөр
16-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

17-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаашы мүмкүн.

18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот.

19-20-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0