Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 10-апр.— Sputnik. 11-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Мужчина с зонтом во время сильного дождя - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күн сууктайт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас облусунда +13…+18 градуска жетет.

Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда күндүн табы +15…+20 градуска жетет.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, абанын температурасы Ош шаарында +18...+20, Бишкекте +16...+18 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0