БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 10-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +12…+17, Талас облусунда +11…+16 градус жылуу болот.
Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +15…+20 градуска жетери болжолдонду.
Ысык-Көл жана Нарын облусунда +10…+15 градус болору айтылды.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +17...+19 градус болсо, Бишкек шаарында +15…+17 градус жылуу болот.