Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күн сууктайт

© AFP / CHANDAN KHANNAМужчина с зонтом во время сильного дождя
Мужчина с зонтом во время сильного дождя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн ӨКМден билдиришти.

Весна в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Алдыдагы апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка караганда, 10-12-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кээ бир аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. 8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0