Май айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы парад. Архив
Ала-Тоо аянтындагы парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы эс алуу күндөрү атайын токтом менен бекитилген.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Май айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс ала турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эске салды.

Дем алыш күндөрдү аныктаган өкмөттүн токтому 2018-жылдын 24-декабрында чыккан. Ага ылайык, жаздын акыркы айында төмөнкү күндөр эс алуу күндөрү болмокчу:

  • 1-май (шаршемби) — Эмгек күнү;
  • 9-май (бейшемби) — Жеңиш күнү;
  • 10-май (жума) иш күнү болушу керек эле, бирок Конституция күнү белгиленген 5-майдын (жекшемби) эсебинен эс алуу күнү деп жарыяланды.

2019-жылдагы эс алуу күндөрү кандайча бөлүштүрүлгөнүн инфографикадан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0