18:32 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Кош бойлуу аял. Архив

Майыптыгы бар кош бойлуу аялдардын балдарына "сеп" берилет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
117 0 0

Септин ичинде наристеге зарыл болгон кийим-кече, памперс, самын жана башка каражаттар бар.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кош бойлуу же жаңы көз жарган майыптыгы бар кыз-келиндердин ымыркайларына "сеп" берилет. Бул тууралуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын "Теңдик" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоор Baby box деп аталып, "Абилис" фондусунун колдоосу менен ишке ашат.

"Сеп кош бойлуу жана жаңы көз жарган майыптыгы бар кыз-келиндердин балдарына, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөгөн энелерге да берилет. Бирок ымыркай беш айга чейин болушу керек. Комплектинин ичинде наристеге зарыл болгон кийим-кече, памперс, самын жана башка каражаттар бар", — деди Казакунова.

Коомдук бирикменин жетекчиси долбоорго катышууну каалагандар e-mail:albinaalov@mail.ru электрондук дарегине кат жолдошу керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Министрдин кеңешчиси Дыйканбаева: биринчи гонорарымды беш жашымда алгам
Казакунова: кош бойлуу кезимде бутум баспай, наристемди көрбөй калдым...
Белгилер:
кийим, сеп, бала, майып

ЭҢ МААНИЛҮҮ