Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМонумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке
Монумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. 26-мартта республика боюнча күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас облусунда +19…+21 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +14…+16, Нарын өрөөнүндө +12…+14 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы +20…+25 градуска жетет.

Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүн табы Ошто +22…+24, Бишкекте +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0