ӨКМ: үшүк жүрүшү күтүлөт. Шашылыш билдирүү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-мартта кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Чүй, Талас облустарынын кээ бир дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектериндеги райондорунда 25-мартта түнкүсүн 0…-2 градуска жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМ тараткан шашылыш билдирүүсүндө кабарлады.

Нооруз майрамында 21-мартта Нарын шаарына кар жаады - Sputnik Кыргызстан
Ноорузда Нарын шаарына кар жаады. Сүрөт
Жалпысынан Кыргызстандын аймагында 23-24 март күндөрү аба ырайы өзгөрүп турат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жамгыр карга айланышы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.

23-мартта кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

"25-мартта түнкүсүн Чүй, Таластын кээ бир дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад аймактарынын кээ бир тоо этектериндеги райондорунда 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. Ал өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет", — деп айтылган маалыматта.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаанын каттамын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0