Күндүн көзү ачылбайт. Дем алышка карата аба ырайы

Жазылуу
Көпчүлүк тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 22-мартта күндүз жана 23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Нооруз майрамында 21-мартта Нарын шаарына кар жаады - Sputnik Кыргызстан
Ноорузда Нарын шаарына кар жаады. Сүрөт
Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондоруна кар түшсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу ыктымал.

24-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар түшүшү мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0