УКМК канча телефон террорчусун кармаганын айтты. 9 жылдын жыйынтыгы

Жазылуу
5-февралда бомба коюлганы тууралуу кабарлаган киши дагы деле кармала элек.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 2010-жылдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 25 телефон террорчусун кармаган. Бул тууралуу аталган мекеме Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Алардын дээрлик баардыгы административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Возобновление работы в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
"Манастагы" бомба: түйшүк тарткан эл менен кызматкерлердин сүрөттөрү
Ал эми быйыл эл аралык "Манас" аэропортуна бомба коюлду деп бийлик менен коомчулукту дүрбөлөңгө салган киши дагы деле табыла элек. Аны издөө КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтары менен биргеликте жасалууда.

Эске салсак, 5-февралда эл аралык "Манас" аэропортуна бомба коюлду делген маалымат түшкөн. Аба майдандагы жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган. Бирок жерине келип жарылуучу зат издеген атайын кызматтын өкүлдөрү шектүү эч нерсе тапкан эмес. Бишкектеги окуядан көп өтпөй Оштогу аэропортко дагы бомба коюлганы тууралуу кабарланган. Бирок бул билдирүү да жалган болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0