22:55 25 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7441
  • EUR78.9154
  • RUB1.0813
Акча санап жаткан аял. Архив

Айлык эки эсе көбөйөт. Мамкызматта иштегендер боюнча кадрдык кызматтын планы

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
2661 0 0

Мамлекеттик кызматта иштегендердин минималдык айлыгы 5 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жакынкы эки-үч жылда мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматкерлердин айлыгын теңдештирүү болот. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кадрлар боюнча мамлекеттик кызматтын директору Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымына караганда, ушу тапта кызматкерлердин бирөөсүнүн айлыгы жогору, экинчисиники азыраак. Маселен, Билим берүү жана илим министрлиги менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде иштегендердики эки башка.

"Бардык ведомстволорго бирдиктүү төлөм системасын түзүүнү максат кылып жатабыз. Көбөйтүү жолу менен теңдейбиз. Азыр кээ бир ведомстволордогу минималдык 5000 сом айлыкты 10 миң сомго көтөрүүнү пландап жатабыз. Бул эч кандай кошумчасыз накталай айлык. Кеп мамлекеттик же муниципалдык кызматтар гана эмес, райондук, облустук администрацияда иштегендер боюнча да болууда", — деди Мадумаров.

Аталган кызматтын жетекчисинин айтымында, мындай планды ишке ашыруу үчүн 5 миллиард сом керектелет. Азырынча андай каражат жок, бирок эки-үч жыл ичинде план ишке ашмакчы. Мадумаров мугалимдер, медицина тармагындагылар мамлекеттик кызматкерлерге кирбестигин, алар бюджеттен айлык алгандар деп эсептелерин кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда кимдин айлыгы тез көбөйүп жатканын Статком билдирди
Белгилер:
айлык-акы, Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ