Жумага карата аба ырайы

© AFP / SEBASTIEN BOZONБакта сейилдеп жүргөн кыз жана жигит. Архив
Бакта сейилдеп жүргөн кыз жана жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жума күнү өлкө боюнча күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +14…+19, Талас облусунда +15…+17 градус болору айтылды.

Ысык-Көл жергесинде +5…+10, Нарын аймагында 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +17...+19, Бишкекте +16...+18 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0