Сары кар жаабайбы? Апрелге карата аба ырайы

Жазылуу
Апрель айында жаз толук кандуу өз бийлигин жүргүзгөнү менен Алай, Суусамыр өрөөндөрүндө абанын температурасы нөлдөн төмөн түшкөн учурлар болот.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Көз ачып-жумгуча жаздын алгачкы айы ортолоп калды. Андыктан апрель айына карата аба ырайын сунуштайбыз.

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, абанын орточо температурасы республиканын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан жогору болот.

Чүй менен Кемин өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (Чүй өрөөнүндө 58-73 мм, тоо этектериндеги райондордо 64-78 мм) аз болушу мүмкүн.

Талас

Первый день весны в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Эки күндөн кийин жаз келет. Мартта күн кандай болот
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, +10…+12ге чейин жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен +7...+12 градуска чейин көтөрүлөт. Анткен менен айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен -1...-3 градус болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүзү күн 20...25 градуска чейин жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын (46-52 мм).

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүгүндө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7ден +8...+13кө чейин жылып, күндүз 15…20дан 23...28 градуска чейин жогорулайт.

Бул аймактарда дагы айрым учурда суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал. Мисалы, абанын тепмературасы 0...-2 градуска түшкөн түндөр болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу күтүлөт (29-72 мм, тоо этектериндеги райондордо 45-157 мм).

Ысык-Көл облусу

Көлдө дагы бул айдын айрым түндөрү суугураак болот. -2...ден +3 градуска чейин болсо, күндүзү күндүн табы 8…13 градустан 15…20 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (7-22 мм, чыгышында 31-64 мм) азыраак болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз +5…+10 градус жылуу болору айтылды.

Алай өрөөнү

Алай өрөөнү адаттагыдай эле мээлүүн.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градустан -8…-13 градуска чейин суук, күндүз күндүң эң ысык деген учуру +2...+7 градуска жетет.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын (42-44 мм) болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнү

Күндөн жашынып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сездиңиз беле? NASA эң ысык төрт жыл жана аптаптын кесепети тууралуу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1...1,5 градус өйдө көтөрүлүп, -7…-9 градус болушу күтүлөт.

Айдын биринчи он күндүгүндө аба сууктап, түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6 градуска чейин төмөндөйт. Аягында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градуска, күндүз +3…+8 градуска чыгышы ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан (23-25 мм) көп түшөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0