Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 10-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

11-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-мартта күндүз жана 12-14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

10-14-мартта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 15-16-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0